Реклама

.

Салык кызматы кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз ташылып келинген 47 тонна кездемеге бөгөт койду

08.10.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Чалдовар автожолу” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан түрмөктөлгөн кездеме жана жасалма комплекстүү жиптерди мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт койду.

Атап айтканда, 1,6 млн сомго 26,1 тонна түрмөктөлгөн кездеме жана 1 млн сомго жакын суммадагы 21 тонна жасалма комплекстүү жиптерден кездеме алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалган.

Импорттоочуларда электрондук эсеп-фактуранын кагаз көчүрмөсү Казакстан Республикасынын салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондой эле СТ1 формасындагы товарлардын келип чыгуу сертификаты жок болгон. Коштоочу кагаздагы тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын көрсөтүлгөн коду товарларды алып коюунун тизмесинде бар, башкача айтканда бул товарлар Казакстандын аймагында сатуу үчүн гана арналган жана ЕАЭБнын башка өлкөлөрүнө алып чыгууга болбойт.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

  

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости