Реклама

.

Салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан 180 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду

01.10.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ири мүйүздүү малдарды мыйзамсыз алып келе жаткандарга бөгөт койду.

Атап айтканда, 180 баш ири мүйүздүү малды ташыган машиналар кармалган. Импорттоочулардын салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын маалымкаты жана башка документтери болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости