Реклама

.

Салык кызматы 2019-жылы салыктар боюнча планды толугу менен аткаруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды өткөрүүдө

10.09.2019

Бишкек шаарында 6-сентябрда өткөн 2020-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору жана 2021-2022-жылдарга боюнча болжолу боюнча коомдук угуу учурунда МСКнын төрагасынын орун басары Замирбек Мамытов 2019-жылдагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн 4,7 млрд сом суммасында түшпөй калуусунун болжолдуу коркунучун айтып өткөн.

Бир катар массалык маалымат каражаттарында чагылдырылган Салык кызматынын төрагасынын орун басарынын аталган билдирүүсүнө байланыштуу, Салык кызматы З.Мамытов “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары” долбооруна карата маалыматтарды билдиргендигин тактап коюуну туура деп эсептейт, ал ушул жылдын май айында, тактап айтканда, төрт ай мурда даярдалган.

2019-жылга тобокелдиктерди азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылга мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо боюнча кошумча чаралардын планын бекитти.

Салык кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн параметрлерин толук көлөмдө аткаруу боюнча иш-чаралардын планын өз убагы менен ишке ашырып, мамлекеттик бюджетти аткаруунун тобокелдиктерин минималдаштыруунун жана 2019-жылга бюджетти толтуруунун  кошумча булактарын табуунун үстүндө жигердүү иш алып барууда.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости