Реклама

.

6 айында 38,2 млрд сом салык чогултулду

06.08.2019

2019-жылдын 6 айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 38 млрд 238,3 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. План 96,2 %га аткарылып, 1 млрд 517,4 млн сомго кем жыйналган. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүшү 725,5 млн сомго көбөйгөн. Бул тууралуу 5-августта болуп өткөн МСКнын коллегия отурумунда айтылды.

Ошол эле учурда 6 айдын жыйынтыгында пайда болгон 1 млрд 517,4 миң сом суммасында толук чогултулбай калган салыктар июль айындагы пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун эсебинен 147,1 млн сомго кыскаргандыгын белгилей кетүү керек.

Болжолдук көрсөткүчтөр бир катар аймактык салык органдары тарабынан камсыздалган эмес. Анын ичинде МСКнын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, Ысык-Ата,  Панфилов, Ноокен, Токтогул райондору жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Балыкчы шаарлары.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча бул салык органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралат.

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы салыктардын жана төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү боюнча пландуу көрсөткүчтөрдү аткаруунун эсебинен камсыз кылынды: жеке жактардын – Кыргыз Республикасынын резиденттеринин киреше салыгы (101,6%),  бирдиктүү салык (119,5%), на милдеттүү патенттин негизиндеги салык (103,9%), ктыярдуу патенттин негизиндеги салык (101,9%), кыймылсыз мүлк салыгы (106,4%), жер салыгы (105,7%), пайда салыгы  (105,4%), резидент эмес – жактардын кирешесине салык (136,1%), салыктык эмес келип түшүүлөр (109,2%).

Ал эми болжолдук көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө КНС жана акциз салыгы, ЕАЭБден импортко КНС жана акциз салыгы, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык, алтын чыгарган компаниялардын кирешесине салык, сатуу салыгы, Кумтөрдөн дүң кирешеге салык, кыймылдуу мүлк салыгы боюнча аткарылган эмес.

Салыктардын жана төлөмдөрдүн жыйымынын түзүмүндө ЕАЭБден импортко КНС – 22,0%, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызматтарга КНС – 16,0%,  жеке жактардын – Кыргыз Республикасынын резиденттеринин киреше салыгынын үлүшү – 14,0%, ЕАЭБден импорттоого акциз – 9,0%, пайда салыгы – 7,0%, Кумтөрдөн дүң кирешеге салык – 7,0%, салыктык эмес келип түшүүлөр – 6,0%, сатуу салыгы – 5,0%, резидент эмес – жактардын кирешесине салык – 3,0%, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 3,0%, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга акциздик салык – 2,0%, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 2,0%, жер салыгы – 2,0%, кыймылсыз мүлк салыгы – 1,0%ды түзгөн.

Эң эле маанилүү салыктык чегерүүлөр түстүү металл жаатында – 17,0%, сатуу ишканаларында – 16,0%, байланыш түзүмүндө – 10,0%, башка ишмердиктерде – 10,0%, курулушта – 5,0%, профессионалдык ишмердикте – 5,0%, электр энергиясында – 5,0%, финансы кызматында – 6,0%, өндүрүштүн башка тармагында – 2,0% өндүрүлгөн.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости