Реклама

.

МСК семинарларда салык төлөөчүлөргө Бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерин түшүндүрдү

12.07.2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр жана аймактык салык органдарынын кызматкерлери үчүн КР бир катар мыйзамдарынын, анын ичинде Бузуулар жөнүндө кодекси, Жазык-процесстик кодекси, Административдик-процессуалдык кодексинин ченемдерин колдонуу жана түшүндүрүү боюнча окутуу иш-чараларын өткөрдү.

Ош шаарында өткөрүлгөн салык төлөөчүлөр үчүн семинардын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтерди караган Бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерин, мамлекеттик органдарда "Бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүлүпдүгү тууралуу түшүндүрүп беришти, ошондой эле жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

Атап айтканда, жоопкерчиликке тартуунун процессуалдык өзгөчөлүктөрү, бузуунун субъекттери, салык төлөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери, бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча токтомдорго даттануунун тартиби, Бузуулар жөнүндөгү кодексте каралган айыптарды төлөөнүн системасы түшүндүрүлдү.

Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган салыкчылар үчүн лекцияларга Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча салык органдарынын 182 кызматкерлери катышты. Окутуу кадр жана укуктук маселелер, ошондой эле коррупцияга каршы саясат боюнча өткөрүлдү.

МСКнын басма-сөз кызматы




1234(02)

123456(03)

Все новости