Реклама

.

Преференциялык калктуу конуштарда жаңы өнөр жай ишканалары үчүн жеңилдетилген салык салуу каралган

05.07.2019

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан кийин преференциалдык калктуу пункттарда ачылган жаңы өнөр жай ишканалары үчүн жеңилдетилген салык салуу каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги токтому менен преференциалдуу калктуу конуштар аныкталып, жаңы преференциялдуу өнөр жай ишканаларына салынууга даяр инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган өнөр жай ишмердигинин преференциалдык түрлөрүнүн тизмеси бекитилген.

Токтомго ылайык жеңилдетилген салык салуу салыктын 4-түрүн: сатуу салыгын, пайда салыгын, жер салыгын жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотууну карайт. Жеңилдетилген салык салуу преференциялык өнөр жай ишканаларынын жеңилдиктер берилген калктуу конуштун чегинен тышкары жайгашкан филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата колдонулбайт.

Бошотууларды колдонуунун чектүү мөөнөтү сатуудан түшкөн акчанын өлчөмүнө жана төлөнгөн киреше салыгынын суммасына жараша андан ары 10 жылга чейин узартуу укугу менен 5 жылга белгиленген.

Жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнүн тизмегине инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү, жеңил жана тамак аш-өнөр жайы, электр энергетикасы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, чогултуучу өндүрүш, каалаган экспортко багытталган өндүрүш киргизилген.

Преференциялык калктуу конуш катары республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды (трансферттерди) алуучу бардык айыл аймактары жана өлкөнүн 30 калктуу конуштары аныкталган: Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Ноокат, Айдаркен, Көк-Жаңгак, Токтогул, Чолпон-Ата, Шопоков, Кант, Орловка, Кемин, Кайыңды.

Конкреттүү калктуу конуштун аймагынын чектеринде салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим жаңы өнөр жай ишканаларына калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвестициялык салымдарды ишке ашырган инвесторлор менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде кабыл алынат.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости