Кыргызстандын салык кызматынын тарыхы

 


Кыргызстандын Салык кызматы 1990-жылы Кыргыз Республикасынын токтомуна ылайык өз алдынча ведомство катары түзүлгөн. Буга чейин анын функциясын азыркы учурдагы бюджетти пландаштыруу жана аткаруу маселеси жүктөлгөн финансы органдары аткарып келишкен.

Салык кызматынын кадрдык курамы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү контролдук иштер боюнча тажрыйбасы бай, өз ишин мыкты билген финансисттерден түзүлгөн. Алар салык кызматын түзүүгө жана өнүктүрүүгө зор салымдарын кошушкан.

1994-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министирликтин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясы болуп кайрадан түзүлгөн. 2005-жылы Мамлекеттик салык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түздөн-түз карамагына өткөрүлүп берилген. Ал эми дагы эки жылдан соң КР Салыктар жана жыйымдар боюнча Мамлекеттик комитети болуп кайра түзүлгөн. 2010-жылы Комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы болуп өзгөртүлгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы аткаруу бийлигинин салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү бюджетке чогултууну жана алардын өз убагында жана толугу менен төлөнүшүн контролдоону ишке ашырган мамлекеттик органы болуп саналат.

Мындан тышкары, МСКнын негизги милдеттеринин катарына салык төлөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүү, салык органдарынын иштерин уюштурууну жакшыртуу, салык мыйзамдарын жана социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү кирет.

Азыркы учурда Мамлекеттик салык кызматынын системасы борбордук аппараттан жана республика боюнча 60 аймактык салык органдарынан турат жана анда 2,5 миңден ашуун жогорку квалификациялуу кызматкерлер эмгектенет.

27 жыл ичинде Кызмат калкка көрсөткөн кызматынын сапаты жана саны боюнча бир кыйла өнүгүү жолуна түштү. Салык төлөөчүлөр менен иштөөдө жаңы технологиялар жана көз караштар киргизилип, салыктык башкаруунун иш процесси автоматташтырылды.

Коррупциянын тамырын кыюу жана алардын булактарын аныктоо, ошондой эле коррупциянын пайда болушу жана өсүшү үчүн шарттарды түзгөн факторлорду нейтралдаштыруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүп турат. Салык кызматынын ишмердиги жөнүндө сын-пикирлер үчүн “ишеним телефону” иштейт. Ошондой эле, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери менен алектенишкен коомдук уюмдар менен болгон иштер жигердештирилди. Мына ушулардын баары биригип салык системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү натыйжалуу алдын алуу болуп саналат.

                                                                               Мыйзам базасы

Мамлекеттик салык кызматы жана анын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Салык кодексин, мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын, салык маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерин жетекчиликке алат.

Мамлекеттик салык кызматынын ишмердигинин укуктук негиздерин мүнөздөөдө ченемдик актылардын пакетин экиге бөлүп кароого болот: биринчиси, салык органдарынын түзүлүш тартибин жана милдеттерин, алардын системасын жана түзүмүн, компетенцияларын, салык төлөөчүлөрдүн укук жана милдеттерин, салык салуу принциптерин ж. б. аныктаган мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар кирет, экинчиси, салык салуу субъекттерин жана объекттерин, салыктардын ставкаларын жана салык жеңилдиктерин, салыктарды эсептөө эрежесин жана төлөө тартибин, мыйзам бузгандыгы үчүн айыптарды жана жана башка санкцияларды көрсөтүү менен, салыктардын конкреттүү түрлөрү боюнча мыйзамдардан турат.

Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы “Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Мыйзамы укуктук-ченемдик актылардын биринчи тобуна кирет.

Бул негизинен ошол кездеги рынок реформалары жаңы башталган шартта Мамлекеттик салык кызматынын түзүмүн жана милдеттерин, юридикалык жана жеке жактардын салык мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдөгү салык органдарынын укуктарын жана милдеттерин аныктаган биринчи мыйзам болуп эсептелет. Ошондой эле, мында мамлекеттик салык инспекцияларынын кызмат адамдарынын өз милдеттерин аткарбагандары же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыктары, мыйзамда белгиленген коммерциялык сырларды сактабагандыктары ж. б.  үчүн жоопкерчиликтери да каралган. Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын органдары тарабынан башкарууну уюштуруу жана салык кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо чагылдырылган.

Салык мыйзамдарындагы көпчүлүк эрежелер КР 1994-жылдын  14-апрелиндеги “КР Салык системасынын негиздери жөнүндө” Мыйзамы менен киргизген. Анда биринчи жолу мыйзамдын негизинде салык жана салык системасы жөнүндө түшүнүктөр аныкталган.

“Салык системасынын негиздери жөнүндө” Мыйзам менен “салык төлөөчү” түшүнүгү, салык жеңилдиктери жана салык төлөөнүн жалпы тартиби аныкталып, салыктык мамилелердин башка аспектилери жөнгө салынган.

Мыйзамда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында алынуучу салыктардын тизмеси өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Кыргыз Республикасынын биринчи Салык кодекси 1996-жылы кабыл алынган. Көптөгөн мурдагы союздук республикалардан озуп, так ушул Кыргызстанда салык мыйзамдары пайда болгон.

2009-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы киргизилген. Жаңы Кодексте салыктардын саны 16 түрдөн 8ге чейин кыскарган (6 жалпы мамлекеттик жана 2 жергиликтүү салыктар белгиленген, ошондой эле, кичи ишкердик субъекттери үчүн салык салууну жөнөкөйлөтүү максатында атайын салыктык режимдер киргизилген). КНСтин ставкасы 20 пайыздан 12ге төмөндөтүлгөн. Пайда жана киреше салыктарынын ставкалары бир топ төмөндөгөн (30дан 10 пайызга чейин). Резидент эместерге салыктын ставкасы 30 пайыздан 10 пайызга кыскарган.

Салык кодекси өзгөрүлгөн шарттарга жана мезгилдин керектөөсүнө жараша ар дайым өнүгүп турат. Кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор, салык төлөөчүлөр тарабынан салыктарды төлөө жана отчётторду берүү үчүн ыңгайлуу болгон салык салуунун натыйжалуу системасын түзүүгө, ошондой эле өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктардын түшүүсүн  камсыз кылууга багытталган.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусуна байланыштуу, 2015–2016-жылдары Салык кодексине бир катар оңдоолор киргизилген.

                                                                                 Салыктарды жыйноо

Салык кызматынын негизги милдеттеринин бири болуп салык жана башка төлөмдөрдүн эсебинен мамлекеттик бюджетти толтуруу эсептелет. Республиканын салык системасында жүргүзүлгөн реформалар салыктык башкарууну сапаттуу жакшыртууга мүмкүндүк берди, бул болсо салык жыйымдарына да таасирин тийгизип, келип түшүүлөрдүн суммасы жыл сайын өсүп жатканынан кабар берет.

Эгерде, 1990-жылы 11,3 млн сом салык жыйналган болсо, 1995-жылы – 2,4 млрд сом, ал эми 2000-жылы бул сандар 5,5 млрд сомду түзгөн, 2005-жылы – 8,7 млрд сом, 2010-жылы – 26,3 млрд сом жыйналган. 2014-жылы 42,2 млрд сом жыйналды, 2015-жылы  – 50 млрд сомдон ашуун салык, 2016-жылы 67,5 млрд сом суммадагы салыктар жыйналган.

Ошентип, акыркы 20 жылдын ичинде салыктык жыйымдар 25 эсеге өскөн.

                                                        Салык кызматын реформалоо жана модернизациялоо

2009-жылы Салык кодексинин жаңы редакциясы колдонууга киргизилгенден кийин ченемдик базанын реформасы менен бир эле убакта салык кызматын модернизациялоо башталган.

Салык саясатынын стратегиялык максаты болуп, Кыргыз Республикасында туруктуу салык системасын түзүү саналат, бул болсо бир жагынан бюджетке түшчү кирешелердин өсүшүн камсыздайт, экинчи жагынан административдик салыктык жүктү төмөндөтүүгө жана салык төлөмдөрү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул башкаруу системасын реформалоо жана тескөөнүн жаңы методдорун жайылтуу аркылуу гана ишке ашат.

Салыктык башкарууну реформалоону жана салык кызматын модернизациялоону натыйжалуу улантуу үчүн 2012–2014-жылдарга, андан кийин 2015–2017-жылдарга өнүгүү стратегиясы кабыл алынган. Салык кызматы МСКнын ишмердигинин натыйжалуулугун көтөрүүгө, кардарга карап иш алып барууну өнүктүрүүгө, салык жыйымынын потенциалын көбөйтүүгө жетишүү менен документте коюлган максатты ишке ашыра алды.

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосунда ишке ашырылган cалыктык башкарууну модернизациялоо боюнча долбоордун чегиндеги, Кыргызстандын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасынын (ИСНАК) базалык модулу жайылтылган, салык кызматынын инфраструктурасы жаңыртылган.

Ведомствонун уюштуруучу түзүмдөрүн модернизациялоонун жыйынтыгында ишти функционалдык принципке өткөрүү жүзөгө ашырылды. Салыктык башкаруунун иш процесстери автоматташтырылды, салык төлөөчүлөр үчүн сервистик кызматтардын жаңы түрлөрү түзүлдү, анын ичинде Маалымат борбору, www.sti.gov.kg сайты, ошондой эле салык төлөөчүлөрдү тейлөө үчүн “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштөөчү сервистик борборлор түзүлдү.

Салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмесин аткаруу процедурасын жөнөкөйлөтүүчү жаңы инструменттер киргизилди. Алсак, электрондук санариптик белгини (ЭСБ) колдонгон сыяктуу эле, аны колдонуусуз да МСКнын сайты аркылуу эч кандай акы төлөөсүз салыктык отчёттуулукту электрондук түрдө берүү системасы иштеп жатат.

Көпчүлүк салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн жаңы ыкмаларын, анын ичинен төлөм жана POS терминалдарын, ошондой эле интернет-төлөм системаларын (интернет жана мобилдик банкинг, электрондук төлөмдөр) пайдалануу менен салык төлөө кызматтарын колдонууда.

Бул жана башка салыктык тейлөөлөр, салык кызматынын аналитикалык мүмкүндүктөрүн кеңейтүү жана Электрондук Өкмөттүн алкагында башка министрликтер жана ведомстволор аралык маалымат алмашууну автоматташтыруу менен МСКнын ишин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрдү.

2013-жылы көз карандысыз институт тарабынан өткөрүлгөн “Салыктык башкарууну реформалоо жана модернизациялоо чараларына салык төлөөчүлөрдүн баасы” изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 61 пайыздан көбүрөөк салык төлөөчүлөр акыркы беш жыл ичинде Мамлекеттик салык кызматында жүргүзүлгөн реформаны сезишкен. Дүйнөлүк банктын «Бизнести жүргүзүү» отчётуна ылайык, Кыргызстан боюнча 2014-жылы 2012-жылга салыштырмалуу «Салык салуу» индикатору 35 позицияга көтөрүлгөн.

Салык кызматы мындан ары да салык төлөөчүлөр үчүн колдон келишинче ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган бул курсту колдоого алып, “салык кызматы – салык төлөөчүнүн байгерчилиги” принциби менен иштейт. Бул максатта МСКнын кызматкерлеринин алдына салык төлөөчүлөргө сапаттуу жана жогорку деңгээлдеги заманбап кызмат көрсөтүү үчүн өз ишин туруктуу түрдө жакшыртуу милдети коюлган.

Демек, МСКнын жаңы заманбап кызмат көрсөтүүлөрүнүн бири 194 номери боюнча Маалымат борбору эсептелет.

МСКнын Маалымат борбору – бул салык мыйзамдары жаатында жеткиликтүү жана ыкчам маалыматтарды берүү үчүн салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча маалыматтык сурап-билүү кызматы. Бул кызмат, салыктык мыйзам ченемдерин колдонууда салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү жана жардам көрсөтүү боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө, салык кызматынын ишмердиги тууралуу ар кандай сурап-билүү маалыматтарын ыкчам берүүгө, ошондой эле, салык төлөөчүнүн салыктык сабаттуулугун жана салык маселесиндеги маалымдуулугун жогорулатууга арналган.

Кыргызтелекомдун абоненттери үчүн чалуулар бекер, ал эми мобилдик телефондордон чалуулар – уюлдук операторлордун тарифтерине ылайык эсептелээрин белгилей кетмекчибиз.

МСКнын ийгиликтүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн бири – “Бирдиктүү терезе” сервиси.

Ал салык төлөөчүлөр менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, салыкчылар менен жарандардын ортосундагы түз байланышты колдон келишинче болтурбоо максатында киргизилген.

“Бирдиктүү терезеде” салык төлөөчүнү каттоо, декларацияларды жана отчётторду кабыл алуу, патенттерди, КНС боюнча эсеп-фактураларын, ар кандай түрдөгү маалымкаттарды берүү жана башка кызмат көрсөтүү процедуралары ишке ашырылат. Бул жерде МСК тарабынан жарандарга жана салык төлөөчүлөргө салыктык милдеттенмесин аткарууда алардын ишин жеңилдетүүчү жана убактысын кыскартуучу салыктык кызмат көрсөтүүнүн болгон комплекси каралган.

МСКнын дагы бир сервиси – www.sti.gov.kg сайты

Бул сайт салык төлөөчүлөргө жана башка бардык кызыккан сайтка кирүүчүлөргө салык салуу чөйрөсүндөгү эң акыркы жаңылыктарды алууга, ар кандай кулактандыруулар жана башка маалыматтык материалдар менен таанышууга мүмкүндүк берет. Бир сөз менен айтканда салык чөйрөсүндө болуп жаткан жаңылыктар менен камсыз болот.

Алсак, интернет порталында сурап-билүү багытындагы: жарандардын кайрылуу тартиби тууралуу, бош кызмат орундары жана кызматка кабыл алуудагы шарттар тууралуу, ошондой эле, салык кызматынын маалыматтык саясаты жөнүндө ж. б. маалыматтар жайгаштырылган.

Ошондой эле, Салык кызматынын сайтында салык төлөөчүлөргө өздөрүнүн ИСНин жана салык төлөөчү катары катталгандыгын текшерүүгө мүмкүндүк берген бир катар он-лайн кызматтар каралган. Мүлк салыгын эсептөө боюнча калькуляторду пайдаланса болот. Акциздик маркаларды издөө, эсеп-фактураларды пайдалануу, алардын аныктыгын текшерүү кызматы иштейт. Салык төлөөчүдө инспектордун аны текшерүүгө карата буйругунун бар экендигин билүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Мындан сырткары, сайтта “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” каралган, андан салык төлөөчү өзүнүн салык боюнча карызы же ашыкча төлөмү тууралуу жана башка маалыматтарды жана кеңештерди ала алат. Бул кызматтык тейлөө салык отчётун электрондук түрдө берүү менен катар салыкчылар менен болгон байланышты кыскартат жана албетте убакытты үнөмдөйт.

Статистиканын берген цифрасынан сайттын абдан белгилүү болуп калгандыгын билсек болот. 2012-жылы – сайтты ишке киргизгенден тартып уникалдуу кирүүлөрдүн саны он миллиондон ашты.

Салык отчётун электрондук түрдө берүү – Салык кызматынын жаңы кызмат көрсөтүүлөрүнүн бири.

МСКнын бул системасы 2010-жылдан тартып колдонууга берилген. Салык отчетторун электрондук түрдө, анын ичинде сервистин адистештирилген оператору аркылуу электрондук-санариптик кол коюуну (ЭСК) колдонуу менен жана ЭСКны колдонбостон берүү тутуму иштеп жатат, бул салык төлөөчүгө авторизациясынын логин-паролунун жардамы менен жөнөкөйлөтүлгөн формада МСКнын веб-сайты аркылуу салык отчетторун акысыз берүүгө мүмкүндүк түзөт.

Электрондук салык отчетторунун артыкчылыктары көп. Алардын бири – салык кызматына баруунун зарылдыгынын жоктугу, бул убакытты бир топ үнөмдөйт, анткени узун кезекке туруунун кереги жок. Отчетту кеңседе же үйдө отуруп эле берүүгө болот. Мындан сырткары, электрондук отчет кол менен иштөө процессинде салык отчетторун толтуруу же оңдоп иштөө учурунда пайда болуучу каталарды азайтат.

Айтмакчы, салык төлөөчү “Салык отчетторун электрондук түрдө берүү” кызматынан пайдаланган учурда, автоматтык түрдө “Салык төлөөчүнүн кабинети” сервисине кире алат.

Салыктарды төлөөнүн инновациялык ыкмалары. Азыркы учурда өлкөнүн жараны кайсы күн, кайсы мезгил болбосун, салыктарды интернет-банкинг, төлөм карталары, веб-кассалар жана POS терминалдар аркылуу төлөй алышат. Алар аркылуу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө, патентке карата салыкты, ошондой эле жер жана киреше салыгын кошо алганда салыктардын бир канча түрлөрүн төлөөгө болот.

Мына ушундай инновациялык технологияларды пайдалануу менен салыктарды төлөө накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү жана өлкөдөгү салыктарды төлөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле, салык органдарынын иштеринин болушунча ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максаттарында, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматын Өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Тобокелдиктердин негизиндеги салыктык текшерүүлөр. Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 2010-жылдан баштап салыктарды төлөбөөнүн тобокелдиктерин талдоонун жана алардын орун алышынын негизинде текшерүүлөрдү жүргүзө баштады. Европанын жана КМШнын алдынкы өлкөлөрүнүн тажрыйбаларынын негизинде түзүлгөн атайын программалык продукт киргизилди. Компьютердик программа салык контролу үчүн тобокелдиктин эң жогорку деңгээли бар салык төлөөчүлөрдү тандап алууга мүмкүндүк берет. Бул калыстыкты камсыз кылат, субъективдүү мамиле жасоодон жана коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдөн арылтат, ак ниет салык төлөөчүлөрдү негизсиз текшерүүлөрдөн коргойт.

МСК салыктарды төлөбөө тобокелдик факторунун эң чоң мүмкүндүгү бар тармактар боюнча такай тыкыр талдоолорду жүргүзүп турат. Анын жыйынтыктары боюнча салык контролун жүргүзүү жөнүндө тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле, 2014-жылдын аягында (салык кызматын модернизациялоо боюнча Азия өнүктүрүү банкынын долбоорун ишке ашыруунун алкагында) салык контролунун автоматташтырылган системасынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аны тобокелдикти баалоонун критерийлерин бир эле убакта көбөйтүү менен иш жүзүндө бардык процесске (рейддик салык контролу, салык постун орнотуу, контролдук сатып алуу, хронометраждык иликтөө) жайылтуу бөлүгүндөгү иштер аягына чыккан.

МСК өзүнүн 27 жылдык өмүр сүрүүсүндө өзгөчө динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекеттик түзүмдөрдүн бири болуп калды. Жалпы мамлекеттин өнүгүшү анын сапаттуу иш алып баруусунан көз каранды. Тажрыйбанын жана өсүүнүн  көрсөткүчтөрү жакшы маанай жаратат – салыктардын жыйымы дайыма өсүп, салык кызматынын жана салыкчылардын калк арасындагы бедели жакшырууда. Демек, бюджетте керектүү каражаттар бар болсо, мамлекет өзүнүн түз милдеттерин аткара алат – калкты социалдык жактан колдоо жана коргоо, медициналык жактан камсыз кылуу, билим берүү, жол, мектеп, ооруканаларды куруу, айлык акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды өз убагында берүү.

Салык кызматы канчалык жакшы иштесе, мамлекет ошончолук жакшы жашайт.